• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Швецияда мектепте ок атылып, 10дой адам каза болду

5 Бирдин айы 202511:04 Бишкек Govori.TV

Швециянын Эребру шаарындагы Campus Risbergska мектебинде ок атылып, 10 киши каза болгонун РИА Новости кабарлады.

Окуя 4-февраль күнү болгон. Ок чыгарган адам да каза болгону айтылды.

Ушу тапта полиция кырсыктан көз жумгандардын аты-жөнүн тактап жатат, жабыр тарткандардын так саны азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 174