• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Шыкмаматов: Бүгүнкү окуяларды уктасам жаман түшүмдө элестеткен эмесмин

27 Бештин айы 2019 16:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү окуяларды уктасам жаман түшүмдө элестеткен эмесмин. Бул тууралуу саясатчы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн журналисттерге билдирди.

«Эгерде саясий ийгиликтерим болсо, «Ата Мекен» партиясы аркылуу жетиштим деп ар дайым жүрөгүмдө сактайм. Бирок турмуш ушундай экен. Мен бүгүнкүдөй болот деп уктасам жаман түшүмдө элестеткен эмесмин. Тилекке каршы чечим кабыл алууга туура келди. Бирок саясаттан кетпейм. Өзүм менен көз карашым төп келишкен саясатчылар, топтор менен биригем. Текебаев Өмүрбек Чиркешович өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында астына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, тажрыйбасы мол, саясий комбинациялардын атасы, харизмасы бар күчтүү лидер жана тарыхый инсан. Биздин кадамдар мындан ары башка болот»,-деди Шыкмаматов.

Количество просмотров: 294