• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алмамбет Шыкмаматов мандантын тапшырып, «Ата-Мекенден» кетти

27 Бештин айы 2019 9:51 Бишкек Govori.TV

Депутат Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды жана «Ата-Мекен» партиясынан чыккандыгын да жарыялады. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазды.

Билдирүүгө ылайык, Шыкмаматов өзү да бул маалыматты тастыктап, мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн оор болгонун айткан. Ошондой эле, ал өзүнүн партиядан чыкканын «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу деп түшүндүргөн.

«Ата-Мекен» негизи күчтүү жана берилген адамдардан турат. Мен бул партиянын катарында 15 жылдан бери келе жатам. Мен саясатчы катары «Ата-Мекен» партиясында бышып жетилдим. Албетте, мен өз партиялаштарыма жана анын лидери Текебаевге сыйым жогору. Текебаев кандай болгон күндө да тарыхий адам жана харизмалуу саясатчы. Ал саясий жүрүштөрдү эң мыкты комбинация жасагандыгы менен өзгөчөлөнөт. Мен андан көп нерсе үйрөндүм. Бирок, менин катачылыгым, кумирге айлантып алганым болду,-деп кошумчалаган Шыкмаматов.

Количество просмотров: 645