• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Шыкмаматов: «Сот бир ай убакыт алганы бизге түшүнүксүз»

17 Теке 20199:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлардын негизинде кароону бир айга жылдырганы түшүнүксүз болуп калганын айтты.

«Төрагалык кылуучу судья иш көлөмдүү, иш менен таанышуу керектигин айтты. Жаңы жагдайлар боюнча тийиштүү суроолорду жибергенин, ишти изилдегенге убакыт керек деген жүйө менен сотту жылдырды. Биздин жактоочулар жаңы жагдайлар боюнча документтерди сотко 3-4 ай, прокуратурага 5 ай мурда берген. Бирок дагы 1 ай убакыт керек дегени бизге түшүнүксүз болуп жатат», — деди ал.

Количество просмотров: 28