• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Шымкенттин мэри Лондондон салам жолдогон үчүн кызматтан алынды (видео)

31 Теке 201911:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.07.2019. Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Шымкенттин акими Габидуллу Абдрахимовду кызматтан алды.

Абдрахимов 44 жашта, акимдик кызматка 2018-жылы дайындалган болчу. Өткөн жумада болсо мэр өзүнүн Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу Лондондон салам жолдогон видеосу менен бөлүшүп, бирок Казакстандын сүйөрүн айткан.

Анда, Абдрахманов өзүнүн видеосунда «Казакстанда жашап, иштеп анан дүйнө жүзү боюнча саякатто керек» -деп айткан. Анын бул билдирүүсү соц түйундөрдө чоң талкууну жаратып интернет колдонуучулар мэрди мактанбай жөнөкөй болууга чакырышкан. Көп өтпөй ал Лондондо иш сапар менен болгонун билдирген.

https://www.instagram.com/tv/B0R_-kejaQR/?utm_source=ig_embed

Ал эми Президентти расмий сайтында Абдрахимов Габидулла Рахматуллаевич кызматтан бошотулганы туурасында жазылган.

Казакстандын президентинин администрация башчысы Крымбек Кушербаев, «Абдрахимов ага көрсөтүлгөн ишенимден тайды»- деп билдирген. «Аймактардын жетекчилери чыныгы элдин кулу болуп, өзүнүн жакшы алып жүрүш керек болчу»- деп кошумчалаган.

Социалдык түйүндөрдө болсо айрымдар аны колдоп жатышат.

https://www.instagram.com/p/BZvR8kXDb4g/?igshid=n7y3hfhtmmma

Количество просмотров: 29