• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Си Цзиньпин Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат

6 Аяк оона 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

14-сентябрда Кытайдын лидери Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Нур-Султан шаарына барат. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

«Сапардын алкагында мамлекет башчылардын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, кызматташтыктын түрдүү тармактары боюнча документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө», – деди Смадияров.

Анын айтымында, бул 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталгандан берки Кытай лидеринин алгачкы чет өлкөлүк сапары болот.

Си Цзиньпиндин Казакстанга барары быйыл июнда казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Нур-Султанда жолукканда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 66