20-мартта Москвага Кытайдын лидери Си Цзиньпин барды. Бул анын Украинада согуш башталгандан берки Орусияга жасаган алгачкы сапары болуп калды.
Бул сапардын алдында Кытайдын «Жэньминь жибао» аттуу ири гезитине орус президенти Владимир Путиндин «Орусия менен Кытай – келечекке багытталган өнөктөштүк» деп аталган макаласы жарыяланды. Анын орус тилиндеги версиясы Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин алдыдагы жолугушуудан «көп нерсе күтүп жатканын» белгилеген. «Ошондой эле мен үчүн бул эски досум менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү. Биз үчүн чыныгы дос – бир тууган сыяктуу», – деп жазган Путин.
Кытай лидеринин 22-мартка чейин созула турган Москвага сапары жөнүндө 17-мартта кабарланган.