• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Siemens Орусия базарынан кетип жатканын билдирди

12 Бугу 2022 15:07 Бишкек Govori.TV

Германиялык Siemens концерни Украинадагы кырдаалдан улам Орусиянын базарынан кетип жатканын жарыялады. Компания тараткан билдирүүдө өндүрүштүк жана операциялык ишмердүүлүгүн токтотуу процедурасы башталганы жазылган.

Буга чейин Siemens Орусия менен Беларустагы бардык жаңы операцияларын токтотуп, бул өлкөлөргө эл аралык жеткирүүлөрдү токтоткон.

«Орусиядагы өнөр жай ишмердүүлүгүбүздү токтотуу чечимин кабыл алдык. 170 жылдан бери калыптанып калган кардарлар менен болгон мамилебизди жана кызматкерлерге кам көрүү тууралуу милдеттенмебизди эске алганда, мындай чечим кабыл алуу биз үчүн жеңил болгон жок», – деп билдирди компаниянын президенти Роланд Буш.

Siemens электроника жана турмуш-тиричилик техникаларынан тышкары Орусияда «Урал локомотиви» менен биргеликте «Ласточка» деп аталган электр поезддерин жана электр менен жүргөн жүк ташуучу техникаларды өндүрүп келген.

Количество просмотров: 54