• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Сиз Ташиев мененби, же эл мененби?». БДК Ташиев боюнча дагы бир билдирүүсүн таратты

28 Аяк оона 202216:38 Бишкек Govori.TV

27-сентябрда оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек арага байланыштуу кол койгон протоколдорун жана айткандарын сындап билдирүү тараткан. Анда Ташиевдин соңку кадамдары «коомду дүрбөлөңгө салып, элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун күчөткөнү» белгиленген.

Бүгүн, 28-сентябрда аталган кыймыл кайрадан билдирүү жасап, кайрылуу таратты.

Бириккен демократиялык кыймылдын (БДК) К. Ташиев боюнча экинчи билдирүүсүн толугу менен беребиз:

Бүгүнкү күндө, биздин көз карашыбызда Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө негизги коркунуч болуп саналат. Анын бийликте турган ар бир күнү өлкөнү туңгуюкка кептеп, Кыргызстандын эл аралык аброюна жана ички стабилдүүлүгүнө чоң зыян келтирүүдө.
Урматтуу Президент! Сиз ким мененсиз — эл мененби, же К. Ташиев мененби!?
БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында, Баткенде курман болгон жоокерлерди “Ата-Бейит” мемориалдык көрүстөнүндө акыркы сапарга узатуу аземинде (26.09.2022) сүйлөгөн сөзүңүздө Кыргызстан агрессияга дуушар болгонун бүт дүйнөгө жар салдыңыз. Тажикстан Республикасы, анын куралдуу күчтөрү оор аскердик техниканы, артиллериялык, ракеталык системаларды колдонуу менен жүзгө жакын жарандарыбызды жана жоокерлерибизди өлтүрүштү, миңдеген мекендештерибиз жапа чекти, жүз миңдеген адамдар үй-жайын жана чарбаларын таштап качууга аргасыз болушту. Калкка жана мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирилди.
Ошол эле күнү, 26-сентябрда, Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргыз Республикасына кол салган эмес, анын куралдуу күчтөрүнүн эч кандай тиешеси жок, бизге белгисиз бирөөлөр кол салышты деп билдирди.
Анын акылга сыйбас иш-аракеттери чек ара маселелеринде кана эмес, мамлекеттик бийликтин бир бутагы, – КР Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарына ачык зомбулук коркутуусу, парламенттин жыйынына эки ящик атуучу куралдар менен келүүсү далил.
БДК, коомчулуктун жана чек ара аймагында жашаган мекендештерибиздин тынчсыздануусун, кооптонусун элдэске алуу менен чек ара маселелеринде мамлекеттик деңгэлде тийиштүү чечимдерди кабыл алынуусун, бул тууралуу өз убагында маалымат берип турулушун айтып келген. Бирок мунун ордуна мамлекеттик башкаруу органдары өздөрүнүн макулдашылбаган аракеттери жана билдирүүлөрү менен кризисти курчутуп, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаратышты.
Бириккен демократиялык кыймыл, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен К.Ташиев кабыл алган чечимдерди жана Тажикстан Республикасынын өкүлдөрү менен бирге кол койгон документтердин негизинде улуттук коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу маселелерин ачык жыйында кароону жана анын чечимдерине, кыймыл аракеттерине саясий баа берүүнү талап кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына К.Ташиевдин УКМКнын төрагасы, КР менен РТ чек араларын демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп дайындалгандан бери чек ара чыр-чатактарын жөнгө салуу боюнча билдирүүлөрүнө, чечимдерине, кол койгон документтерине укуктук баа берсин.
БДК 28.09.2022

Количество просмотров: 46