• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктан: Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өтөт. Мектептер кайрадан эвакуацияланды

26 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МЕКТЕПТЕР КАЙРАДАН ЭВАКУАЦИЯЛАНУУДА
Шаардагы мектептер кайрадан эвакуацияланууда. Маалыматка ылайык, Билим берүү мекемелерде жарылуучу зат бар экени айтылган маалымат келип түшкөн.
Белгилей кетсек, акыркы учурларда бомба тууралуу маалыматтар буга чейин бир нече жолу келип түшкөн.
Милициянын маалыматы боюнча борбор калаадагы №33, 67, 90, 40-жана Рифал жеке менчик мектептеринин окуучулары менен эмгек жамааты эвакуацияланган.

ЖАЛАЛ-АБАДДА КОМЕНДАНТТЫК СААТ КИРГИЗИЛГЕН ЖОК
Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилген жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилип, жарандар жана унаалар текшерүүгө алынары боюнча жалган маалыматтар социалдык тармактарга тарап жатат.
«Жалал-Абадда «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүүдө. Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагына блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө. Бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында гана уюштурулуп, жарандарга эч кандай чектөөлөр коюлган жок. Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз. Мыйзамдарды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт», — деп жазылат маалыматта.

ЖУМУШ ЖАРМАНКЕСИ ӨТӨТ
Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өтүп, анда өлкөнүн 70тен ашык алдыңкы компаниялары 6 миңден ашык жумуш орунга сунуштарын беришет. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара 28-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. 10600 башталат, Кирүү бекер.
Жарманкеге келгендер учурдагы бош орундардан тышкары кесип тандоо боюнча кеңеш ала алышат, ошондой эле 60тан ашык адистиктер боюнча акысыз кыска мөөнөттүү окуу программасы менен тааныша алышат.

Количество просмотров: 44