• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 647 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап көз жумду. Шахтада эки жаран каза болду

16 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, экөө Ошто жана бирөө Чүйдө катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1912 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 647 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (257), Ош облусунда (120) жана Ош шаарында (118).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 111 990 адамга жетти.

Бир күндө 308 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2145 адам жатат, дагы 3320 бейтап үйдөн дарыланууда.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ЖАҢЫ ТАРИФИ

1-сентябрдан тарта электр энергиясынын жаңы тарифи ишке кириши күтүлөт. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган «2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Ага ылайык бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептөө сунушталат. Бир айга 1000 кВт/сааттык чектөө коюлуп, андан ашса 2 сом 52 тыйындан саналат.

Электр жарыгынын баасы жыл сайын жогорулап турат.

Токтом долбоорундагы маалыматка ылайык, 2022-жылы электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляциянын деңгээлинде жараша кымбаттап турат.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт/саат үчүн 77 тыйындан берилип жатат.

ШАХТАДА ЭКИ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өрүктү тилкесинде 15-июнда шахта урап 46 жана 44 жаштагы эки киши мерт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы куткаруучулар маркумдардын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкенин билдирди.

Көбүнчө Баткен, Жалал-Абад облустарында тургундар шахтадан өз алдынча көмүр казып каза болгон учурлар бар.

Количество просмотров: 258