• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров депутаттарды куттуктады. «Тазалык» жаңы таштанды контейнерлерин сатып алды

15 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ДЕПУТАТТАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев ант берди.

Парламент жыйынына президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү. Президент өз сөзүндө эл өкүлдөрүн парламенттин эртеңки 85 жылдык мааракеси менен куттуктады.

“ТАЗАЛЫК” ЖАҢЫ КОНТЕЙНЕРЛЕРДИ АЛДЫ

Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы 530 жаңы таштанды контейнерин сатып алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын төрт районуна 82 контейнерден бөлүштүрүлүп, алардын ар бири өз түсүнө боёлот.

Жаңы контейнерлер жараксыз болуп калган челектердин ордуна коюлат, ал эми тешилген, сынган же өрттөлгөн контейнерлер оңдолот.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЛАРЫ АЛМАШТЫ

Тариэль Жаныбеков жана Бекжан Рысмендеев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Тариэль Жаныбеков 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын июнуна чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

Ал эми транспорт министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары дайындалган Бекжан Рысмендеев буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүн жетектеген.

Количество просмотров: 74