• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: 81 жаштагы пенсионерди сүзгөн кыз кармалды. Тажик күч органдары кармаган жаран өлкөгө кайтарыла элек

11 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

11-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан  үч бейтап каза болду. Республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, ушуну менен өлкөдө вирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2697ге жетти. Акыркы бир суткада 108 киши таажы илдетин жугузуп алды. Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 182 090 адамга жетти. Ушул тапта ооруканада 552 адам, 797 бейтап үйдөн дарыланып жатат. Бир суткада 118 киши айыгып чыкты.

ТАЖИКСТАНДЫН АТАЙЫН КЫЗМАТЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫН КАРМАДЫ

Бүгүн, 11-ноябрда УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган жаран тууралуу билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Лейлек районундагы Сада участкасында Кыргызстандын жараны 1997-жылы туулган Айдарбек Хайдаров кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда. Ал Тажикстандын Пахтакор калктуу конушунда кармалган. Хайдаровду мекенине кайтарып келүү маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки жолу сүйлөшүү жүргөн. Маселе УКМКнын жетекчилигинин көзөмөлүндө, өлкөнүн жаранын мекенине кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕКТЕ 81 ЖАШТАГЫ ПЕНСИОНЕРДИ СҮЗГӨН КЫЗ КАРМАЛДЫ

Бишкекте 81 жаштагы пенсионерди сүзүп качкан кыз кармалды. Кырсык 2021-жылдын 17-октябрында болжол менен саат 10:00 чамасында катталган. Анда белгисиз айдоочу автоунаасы менен Ч. Айтматов көчөсү аркылуу түштүктү көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынан 1940-жылы туулган К.В., аттуу жаран жабыркап, №4-шаардык ооруканага жеткирилген. Аталган факт боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын 1993-жылы туулган М.М. аттуу кыз экнин аныктап, Бишкек ШИИББнын Жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына жеткиришкен.

Количество просмотров: 198