• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Стоматологиялык кабинеттер текшерилет . Жапаров инвесторлорго кайрылды

28 Бештин айы 2023 13:56 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга чет өлкөдөн келген инвесторлорду алдап кеткен фактылар катталып жатканын, укук коргоо органдары айрымдарынын каражатын кайра кайтарып берген учурлар бар экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды. Инвесторлорго эскертүү: колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле”, — деп жазды президент.

ЖЕКЕ КЛИНИКАЛАР ТЕКШЕРИЛЕТ

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен жеринде кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жыйынтыгында 2024-жылдын 15-январынан баштап Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке медициналык клиникаларды, борборлорду жана стоматологиялык кабинеттерди аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү кайра баштоо сунушталды. Ал эми жеке менчик бала бакчалар жана мектептерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдери жана эмдөө карталарынын болушу текшерилет.

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ МҮМКҮН

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-декабрдан 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 86-101-чакырымдарында жана Кызыл-Бел-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зары

Количество просмотров: 100