• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: “Авангард Стилдин” директору бошотулду. Сосновкада чектөө киргизилди

9 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

СОСНОВКАДА УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРДИ

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырым аралыгына (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

«Буга байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

ТУРИСТ КУТКАРЫЛДЫ

Күн мурун Ала-Арча капчыгайындагы «Рацек» чокусунан россиялык турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти ӨКМдин Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, ӨКМге туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп, кат жолдогон.

Эвакуациялангандан кийин керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.

“АВАНГАРД СТИЛДИН” ДИРЕКТОРУ БОШОТУЛДУ

“Авангард Стиль” курулуш компаниясынын директору Эрнис Миңкеев туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде тергөө абагынан бошотулганын бүгүн 9-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту билдирди.

Миңкеевди камакка алуу чечимин аталган сот органы 9-октябрда чыгарып, ал 4-ноябрга чейин абакта болору айтылган.

Соттун маалыматына караганда, ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.

Количество просмотров: 59