• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Аймактардагы дин кызматкерлерди окутуу башталды. Ысык суу түтүгү  жарылды

26 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТЕ СУУ ТҮТҮГҮ ЖАРЫЛДЫ

Бишкектеги Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде ысык суу түтүгү жарылды. «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынан билдиришкендей, түтүк бүгүн эртең менен жылуулук бериле баштаганына байланыштуу жарылып кеткен.

«Мындай жагдайлар болушу мүмкүн. «Бишкекжылуулуктармагынын» кызматкерлери мүчүлүштүтү жоюшту», — деп айтылат маалыматта.

КОРЕЯ КЫРГЫЗСТАНГА ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫН БЕРЕТ

Корея Кыргызстанга 4 тез жардам унаасын жана медицина кызматкерлери үчүн атайын жабдууларды берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тез жардам унаалары жана атайын жабдуулар Кыргызстандын элчилиги менен Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде Кёнгидо провинциясы тарабынан берилди. Иш-чарага Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө элчи өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү үчүн техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтты.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин көмөгү менен Кореянын Өрткө каршы кызматы тарабынан 2 тез жардам унаасы жана 2 өрт өчүрүүчү унаа КР ӨКМге тапшырылган.

АЙМАКТАГЫ ДИН КЫЗМАТКЕРЛЕР ОКУУДАН ӨТӨТ

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу башталды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имамдардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган бул курста Куран, тавжид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу жана башкалар боюнча тереңдетилген билим берилүүдө.

Сабактын биринчи күнүн муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев өзү өтүп, имамдарды илим алууга кызыктырды.

Айта кетсек, аталган окутууга ар бир казыяттан имамдар келген жана окутуу пландуу түрдө окутулат.

Количество просмотров: 150