• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Айзаданы ала качууга айыпталгандар соттолду. Электр энергиясына жаңы тарифти октябрда киргизүү пландалууда

14 Аяк оона 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2576 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 82 адамдан табылды. Ош шаары менен Ош облустарында катталган эмес. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 308 кишиге жетти. Алардын 605и ооруканада жатат, дагы 1016 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 127 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 650 киши.

АЙЗАДАНЫ АЛА КАЧКАНДАР СОТТОЛДУ
Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү соттоду.
14-сентябрдагы отурумда сот беш кишини күнөөлүү деп таап, Сыймык Молдосариев, Ажикабыл Рысбай уулу жана Орузбек Нурумбетов жети жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов алты жарым жылга кесилишти. Булар Айзаданын өлүмүнө катышы бар деп табылган. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. Жабырлануучу тараптын дагы бир адвокаты Асел Рысбаеванын айтымында, күнөөлүүлөр Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.
5-апрелде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, анан өз жанын кыйган.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯГА ЖАҢЫ ТАРИФТЕР КИРЕТ
Электр энергиясына жаңы тарифтик саясатты ушул жылдын октябрь айында киргизүү пландалууда.
Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, тариф саясаты боюнча документ жаз айынан бери талкууланып келет. Учурда президенттик администрация менен Министрлер кабинетинин талкуусунда. «Эгер документ күчүнө кирсе октябрдын соңунда же ноябрдын башында электр энергиясы, ысык суу жана жылуулукка жаңы эсеп кирет», — деди Айталиев. Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөй турганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Количество просмотров: 233