ПУТИН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Алдыдагы сапардын алкагында мамлекет башчысы менен президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат. Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК ЖОЛУНДА ТАШ ТҮШТҮ
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесинде таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, тоо боорунан кулаган таштардын – көчкүнүн жалпы көлөмү 15 миң м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.
«Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Учурда жолдун эки тарабында турган 25-30 чакты унаалар өткөрүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.
АЗИЯ ОЮНДАРЫ
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Финалдык беттеште Махмудов ирандык балбан менен беттешсе, Шаршенбеков япониялык балбан менен кез келет.
Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат.