• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Аспеков ачкачылык жарыялады. Мэрия 100 автобус алат

21 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МИНСК ШААРЫНА БАРДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Минск шаарына (Беларусь Республикасы) жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Акылбек Жапаров ошондой эле Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышып, ««Великий камень» Кытай-Беларус индустриалдык паркына барат, мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

АСПЕКОВ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун соту жабык эшик артында каралды. Сот процессти сүрөт, видеого тартууга уруксат берилген жок. Отурумда Мелис Аспеков ишти караган судьяны алмаштырып берүү өтүнүчүн келтирип, болбосо ачкачылык жарыялай турганын билдирди.

«Мени залдан чыгарууну суранам. Кургак ачкачылык жарыялайм. Эгерде мени менен бир нерсе болсо силер жооп бересиңер»,-деди ал.

Жараянга айрым күбөлөр келбегенине байланыштуу отурум кийинкиге жылды.

Кошумчалай кетсек, Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач ага карата Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аспековду өткөн айда жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирген. Активист муну куугунтук деп баалаган.

МЭРИЯ АВТОБУС САТЫП АЛАТ

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасы жарандарды ташуу үчүн жалпысынан 200 автобус сатып алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, компания жүз автобус сатып алууга тендер жарыялаган. Ал эми экинчи этапта да 100 автобус алууну пландалууда.

«Каалоочулар [email protected] менен байланышууну суранабыз. Аларга техникалык талаптар жөнөтүлөт. Арыздар 22-июнь саат 23.00гө чейин кабыл алынат», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 120