• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бүгүн да окуучулар эвакуацияланды. Ала-Букада мал өткөрүүчү пункт ишке берилди

19 Бештин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ОКУУЧУЛАР КАЙРАДАН ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкектеги №67 мектептин окуучулары бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды. Маалыматты Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматы тастыктады.

Бүгүн эртең менен мектеп имаратына жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү «102» кызматына түшкөн.

Учурда жеринде ыкчам топ жана кинологдор иштеп жатат. Окуучулар жана кызматкерлер эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, кечээ да аталган мектепте жана дагы бир катар билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат бар деген билдирүүдөн улам эвакуация иши жүргөн болчу.

МАЛ ӨТКӨРҮҮЧҮ ПУНКТ КУРУЛДУ

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу “Баймак—автожол” өткөрмө бекетине жакын жерге “Бай-Талаа” соода логистикалык борборунун мал өткөрүүчү пункту курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул жерде малды күн сайын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Курулуш жумуштары жеке ишкер тарабынан эки жыл аралыгында жүргүзүлүп, келерки аптадан тартып экспорттоо иши башталат. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 21 гектар жер аянты ажыратылган.

Жакынкы аралыкта аталган пункттан эки чакырым алыстыкка курулуп жаткан мал базары да ишке берилет.

ШАКИЕВ РОССИЯГА БАРДЫ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Россия Федерациясына иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

Алсак, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Количество просмотров: 81