• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Бука районундагы акча жыйнагыч кызматкерлер

8 Тогуздун айы 202410:09 Бишкек Govori.TV

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектептин жана бала бакчанын жетекчилерин коркутуп акча чогултуп келишкен.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында, Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерин коркутуп-үркүтүү жолу менен мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурушкандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 264