ӨКМ 26-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында турак жайдан бир үй-бүлө көмүрдөн чыккан иске ууланып каза болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу маалымат «102» номерине саат 12:20 чамасында түшкөн. Каза болгондор — 1994-жылы туулган эркек киши (А.Д.), 2002-жылы туулган аял киши (И. кызы З.), ошондой эле 2024 жана 2025-жылы туулган эки кичинекей кыз (С.Д. жана С.М.).
Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери текшерүү жана тактоо иштерин жүргүзүүдө. Окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.