• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Бишкекте базар жана коомдук жайлар дезинфекцияланууда. Митинг учурунда 166 адам кармалган

3 Жалган куран 202014:58 Бишкек Govori.TV

БҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Өлкө башчысы кайрылуусунда желек ар бир жарандын мекенге болгон атуулдук сезимин чагылдырып турган символ экенин, тууда кыргыз элинин биримдиги, жалпы мекендештердин ынтымагы чагылдырылганын белгиледи.
«Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болушубуз абзел. Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекеттик туу күнүнө карата бүгүн Кыргызстанда бир катар иш-чаралар өтүп жатат.
Кыргыз республикасынын мамлекеттик туусун 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган.


МИТИНГДИН УЮШТУРУУЧУЛАРЫ КАРМАЛДЫ
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2-мартта Бишкек шаарында өткөн митингдин уютуруучусу — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучу Д.А. кармалды.
УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо») боюнча шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгында аларга аталган кылмыштарга шектелип жатканы жана баш коргоо чарасы боюнча билдирилет. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.
Кечээ, 2-мартта Бишкек шаарында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, аларды милиция кызматкерлери, атайын багыттагы аскер кызматкерлери кууп таратышты. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров, А.Артыков жана башкалар УКМКга жеткирилген болчу.
Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, кечээки митин учурунда 166 адам кармалган. Учурда алардын 162си түшундүрүү иштеинен соң кое берилген.


БИШКЕКТЕ КООМДУК ЖАЙЛАР ДЕЗИНФЕКЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык борбору «Ош» жана «Аламүдүн» базарларындагы бир катар павильондорду, соода түйүндөрүн, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагын, №5 мончосун коронавируска каршы дезинфекциядан өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Мындан сырткары «Дордой транс» жана «Совет бригада» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.
Аталган борбордун адистери Бишкектеги «Айчүрөк», «Автордук мектеп», «Рефал» жана №71 мектептин окуучулары менен, Ленин районундагы мечиттердин имамдары жана «Имам Сарахсий» медресесинин тарбиялануучулары менен вирустардын алдын алуу боюнча баарлашууларды уюштурушту.
Март айынын башынан бери мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 90 миңдей адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. Үч миңдей адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты.

Количество просмотров: 153