• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкектен Жалал-Абадга күн сайын учак каттай баштайт. Аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү…

23 Бугу 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

ЖАЛАЛ-АБАДГА УЧАК КҮН САЙЫН УЧУП БАШТАЙТ

Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарына күн сайын учак каттай баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык TezJet компаниясынын учагы 1-июлдан тартып күн сайын Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек каттамын аткарууну пландаштырууда.

«Учурда Жалал-Абадга борбордон жумасына үч жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби) учак каттайт»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында бардык аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилерин билдирген.

КАДАМЖАЙДАГЫ КЫРСЫК БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылындагы катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Факты Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, тергөө иштери уланууда.

Ал эми жараат алгандарга соттук медициналык, жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып,  келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү аныкталып, такталууда.

Эске салсак, 21-май күнү Кадамжайдагы Чечме айылында катуу жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кыдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Өзбекстан менен чек арадагы “Чечме” өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 8 киши каза болгон.

АБА ЫРАЙЫНА БАЙЛЫНЫШТУУ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 473