• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Боомдо таштарды кулатуу иштери жүрөт. Ошто жер силкинди

12 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ОШТО ЖЕР ТИТИРЕДИ

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 11-майда болжол менен саат 19:48де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында — 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында — 3 балл, Мырза-Аке, Ак-Жар, Большевик, Куршаб, Ничке-Сай айылдарында — 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

БИШКЕК-БАТКЕН АБА КАТТАМДАРЫ ЖАНДАНУУДА

Үстүбүздөгү жылдын 18-майынан тартып Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат.

Белгилей кетсек, «Баткен» аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

БООМДО ТАШТАР КУЛАТЫЛАТ

Эртең, 13-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында жүргүзүлөт.

«Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат «, — деп билдиришти ишканадан.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө

Количество просмотров: 88