• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Үч депутатты жоопко тартуу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. COVID-19дан 3 адам көз жумду

1 Бештин айы 2021 14:35 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 1-декабрга карата дагы 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады. Оооруну жуктуруп алгандар көбүнчө Бишкек шаарында. Ош шаары, Талас, Нарын облустары жана Ош шаарында инфекция жуктуруп алгандар катталган эмес.

Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 404 адам болду, 2 749 киши көз жумду. Вирустан жалпы 178 миңден ашуун бейтап сакайып чыкты.

ДЕПУТАТТАР БШКНЫН МААЛЫМАТЫН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында парламенттик шайлоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угуу боюнча бир катар депутаттар сунуш берди.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө канааттандырарлык түшүндүрмө берилбей, бюллетендерди кол менен саноодо шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо аракети болуп жатканын билдирди.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Ушул күндөрү добуштарды кол менен саноо уланып жатат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну “көз боёмочулук” деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) система адистердин техникалык катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат.

3 ДЕПУТАТТЫ ЖООПКО ТАРТУУНУ МАСЕЛЕСИН КОМИССИЯ КАРАЙТ

Жогорку Кеңеште депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим парламенттин 1-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Комиссияга алты фракциянын бешөөнөн бирден, КСДП фракциясынан эки депутат кирди.

Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.

Жогорку Кеңеш камакта жаткан Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин 26-ноябрда кезексиз жыйынында карамак. Бирок кворум чогулган эмес.

Эки депутат «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узартты.

Ал эми Бакытбек Жетигенов «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалып, 27-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалды

Количество просмотров: 636