• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан дагы 2 бейтап каза болду. Акыйкатчы кызматтан кетти

18 Тогуздун айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы суткада Кыргызстанда 70 кишиден COVID табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 913кө жетти. Анын ичинен 174 692 киши дартты жеңген. Кечээтен бери коронавирус  Экөө тең коронавируска каршы эмделген эмес. Муну менен илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 636га жетти.

Бир күндө 45 бейтап илдеттен айыкты. Азыркы тапта стационарда 542, ал эми амбулатордук шартта 539 адам дарыланып жатат.

ТОКОН МАМЫТОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Буга чейин Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бара турганы белгилүү болгон. Аны Жогорку Кеңеш 2018-жылы Акыйкатчы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган. Эми Мамытовдун арызын Жогорку Кеңеш карап, кабыл алышы керек.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик саясий кызматкер (Жогорку Кеңештин депутатын жана президентти кошпогондо), муниципалдык саясий кызматчы (жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо) жана мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30% ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси болуп саналган адамдар талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот.

АЛИЕВ СОЦФОНДДУН ТӨРАГАСЫ БОЛДУ

КТРКнын мурдагы жетекчиси Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, Алиевди эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Белгилей кетсек, Алиев 15-октябрда КТРКнын башкы директорлук кызматынан өз арызынын негизинде кеткен.

Количество просмотров: 145