• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Султанбай Айжигитов денесиндеги көк-ала боюнча Акыйкатчыга эмнени айтып берди?

1 Бугу 202519:08 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдон ооруканага барып кабар алышты.

Маалым болгондой, 30-апрелде Айжигитов  Президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Бүгүн, 1-майда, ал  Улуттук травматология жана ортопедия борборуна которулду.

Институттун кызматкерлери барган учурда дарыгерлер бейтапты текшерип, анын оң колундагы гематома жана оң кашынын үстүндө сыйрылган жери  аныкталгандыгы боюнча Стамбул протоколуна ылайык акт түзүп жатышкан. 

Институттун кызматкерлери Султанбай Айжигитов менен баарлашып, денесине кароо жүргүзүштү.

Мурдагы депутаттын айтымында, 30-апрелде саат 11:00дор чамасында аны адвокатынын үйүнүн жанынан күч колдонуп кармап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алып кетишкен.

“Андан кийин менин жана менин аялымдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Ал жакта ден соолугум начарлап, ооруканага жеткирилдим», — деди ал.

Султанбай Айжигитов кайрадан Президенттин Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жеткирилди.

Количество просмотров: 863