КАМПАДА ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында кампадан чыккан ири өрт саат 11:47 толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кездеме сактоочу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, 04:45тен тарта жалпы ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, саат 07:00дө «Тазалык» ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада тартылып, саат 07:48де чектөөгө алынган. «Болжол менен өрттүн аянты 550 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ага улай эле өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 2 кампа сакталып калды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.
КУЛАГАН УЧАКТАГЫ 2 АДАМДЫН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ
Авиациялык коллеждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор.
Ал Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда жатканын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири — коллеждин 22 жаштагы курсанты. Ал башынан жараат алып, мээси чайкалганы кабарланган. Экинчи бейтап да Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын шыйрак сөөгү сынганы айтылды.
ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛУУДА
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш үчүн өлүм жазасын караган мыйзам долбоорун демилгелешти. Тиешелүү документ парламенттин сайтында жарыяланды жана коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде балдарга зомбулук көрсөтүүгө байланышкан оор кылмыштар көбөйүп баратканы белгиленген. Документтин демилгечилери көптөгөн жарандар депутаттардан жашы жете электерге зомбулук көрсөткөндөргө катаал чара көрүүнү көп жолу сурашканын айтышкан.
“Балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын күндөн күнгө өсүп баратканын, балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн тагдыры талкалап, өмүрлөрү кыйылып жатканын көңүлгө алуу менен ушул Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Конституциясында өзгөчө жаза чарасы катары – өлүм жазасын кароо сунуш кылынат”, — деп белгиленген документте.
Ички иштер министринин орун басары 2022-жылдын алгачкы 7 айында балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергелип жатканын айткан. Улуттук Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылы балдарга карата жасалган 3034 кылмыш фактысы катталган, 500дөй иш сексуалдык зомбулук менен байланышта болгон.