Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыздын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтарууну карап көрүүнү тапшырды. Мамлекет башчы бул иштин тергелишин жеке көзөмөлүнө алганы, жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү тапшырганы кабарланды.
Учурда коомчулукта өлүм жазасын киргизүү тууралуу кептер талкуу болуп, бир катар пикирлер айтылып жаткан чагы.
Президенттин аталган тапшырмасы тууралуу юрист Таттуубубу Эргешбаева өз пикирин жазуу менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
«Сиздин аялдарды жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо боюнча демилгелериңизди колдойм жана бул багыттагы аракеттерди өлкө үчүн маанилүү жана керектүү кадам деп эсептейм. Бирок өлүм жазасын кайра киргизүү сунушуна байланыштуу бир нече жагдайды урматтоо менен эске алууну өтүнөм. Акыркы жылдардагы кайгылуу окуялар жана коркунучтуу статистика балдарга карата зомбулук жана адам өлтүрүүлөр олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын көрсөтүүдө. Бирок бул көрүнүштөрдүн негизги себептери социалдык-экономикалык шарттарга байланыштуу. Көп балдар ата-энелеринин көзөмөлүнөн сыртта калууда, үй-бүлөлөр жетиштүү колдоого ээ эмес жана мамлекеттик коргоо механизмдери толук кандуу иштебейт», — дейт ал.
Ошондой эле юрист Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаганын белгиледи.
«Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө же баш тартууга жол бербейт. Ошондуктан өлүм жазасын кайра киргизүү эл аралык милдеттенмелерге жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет. Ошондой эле маселенин негизги түйүнү өлүм жазасынын жоктугунда эмес, сот адилеттигине болгон ишенимдин төмөндүгүндө жана тергөө менен сот системасынын сапатында.
СНГ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы да муну тастыктайт:
Бул тажрыйба көрсөткөндөй, региондогу жалпы багыт өлүм жазасын алып салуу же мораторий аркылуу чектөө болуп саналат. Ушул жагдайларды эске алуу менен төмөнкү сунуштар маанилүү деп эсептейм. Өлүм жазасын кайра киргизүүдөн көрө өмүр бою эркинен ажыратууну күчөтүү жана өзгөчө режим шарттарында колдонуу зарыл. Ошол эле учурда абакта кармалгандар үчүн билим берүү жана эмгекке тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү. Бул аларга социалдык көндүмдөрүн жакшыртууга жана оңдолууга шарт түзөт. Ошондой эле кыздар жана аялдар милиция менен тез жана ишенимдүү байланышууга мүмкүнчүлүк алган цифралык механизмдерди күчөтүү зарыл. Мисалы, “сигнал тревоги” сыяктуу системалар бар болсо да, алар толук кандуу иштебей жатат. Бул системаны өркүндөтүп, заманбап технологиялар аркылуу ишенимдүү коргоо механизмдерин түзүү маанилүү. Мындай комплексдүү чаралар кылмыштардын алдын алууга, сот жана тергөө системасына ишенимди жогорулатууга, үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоого жардам берет. Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңизде эл аралык милдеттенмелерди сактап, Конституциянын принциптерин бекем кармап, коомду жана балдарды ар тараптуу коргоо багытында иш алып барарына ишенем», — деп жыйынтыктады Эргешбаева.