• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Депутаттар түрк парламентинин иши менен таанышты. Ысык-Көлдө 3 баллга жеткен жер титирөө болду

23 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАР ТҮРК ПАРЛАМЕНТИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Мустафа Шентоптун коштоосунда Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик тѳңкѳрүш аракети боюнча маалымат алышты.

Муну менен катар төрага Нурланбек Шакиев Мустафа Шентоп менен бирге ошол окуяга арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, курмандыктарды эскеришти.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий иш сапары менен барган. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун, 22-ноябрда саат 08:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Тоң районунун Ак-Сай, Эшперов, Төрт-Көл, Көк-Сай, Туура-Суу, Тогуз-Булак, Темир-Канат айылдарында 3 балл, Бөкөнбаев айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИР СУТКАДА 14 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кыргызстан конушунда жалпы аянты 40 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрт мешти пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежесинин бузулушунан келип чыккан.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылында эки кабаттуу турак үйдүн 15 чарчы метр балкону күйсө, Баткен облусунун Баткен районундагы Паскы-Арык айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Количество просмотров: 123