• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Күйүүчү май арзандады. Вице-мэр менен шаардык кеңештин төрагасы камакта калды

30 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ АРЗАНДАДЫ

Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы 3-4 сомго арзандады. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

«2023-жылдын башынан тартып бензиндин баасы арзандады. Бул сезондук көрүнүш. Орусиядагы заводдор декабрь — январь айларында күйүүчү майдын дүң баасын арзандатты. Бул көрүнүш февраль айына чейин созулат»,-деди ал.

Мындан тышкары, өлкөдө күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар экени кошумчаланды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.

ВИЦЕ-МЭР МЕНЕН ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ КАМАКТА КАЛДЫ

29-январда Талас шаардык сотунун чечими менен Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов менен шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбековдун камактагы мөөнөтү узартылды.

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп шек саналып жаткан Байжигитов менен Жусупбеков 2023-жылдын 10-февралына чейин камакта калтырылды.

Эске салсак, УКМК Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу Байжигитов, Долдоев, Жусупбеков, анын орун басары Курамаев кармалганын 10-январда билдирген. Маалыматта 2020-2022-жылдардагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашканы айтылган болчу.

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨҢ БАҢГИЗАТ САТУУЧУ КАРМАЛДЫ

Бишкекте издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы ноябрда жаран Баткен облусунда 2 кг гашиш сатып, бирок анда кармоого мүмкүн болгон эмес. Кылмышка шектүү Баткен облусунун тургуну 1979-жылы туулган болгон.

Андан кийин ага издөө жарыяланып, борбор калаадан кармалды. Шектүү учурда камакка алынды.

Количество просмотров: 205