• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Көлдө 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Тойканада массалык уулануу катталды

1 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ТОЙДО МАССАЛЫК УУЛАНУУ БОЛДУ

Кадамжайда тойканада массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган (4 аял жана 2 бала). Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн.

Белгиленгендей, алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

«Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда», — деп айтылат маалыматта.

13 ЖАШАР КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛЫШЫ БОЮНЧА СОТ УЛАНУУДУ

Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча ишти карап жатат.

Айыпталуучулар катары Дордой” базарынын 41 жаштагы кароолчусу, 39 жаштагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча мурдагы инспектору жана ШИИБдин мурдагы аймактык тескөөчүсү, 34 жаштагы Свердлов РИИБинин кызматкери өтүшүүдө.

Жыйын жабык эшик артында өтүүдө. Сот иштин материалдарын изилдөөгө өттү. Андан кийин тараптардын жарыш сөзү, акыркы сөз жана өкүм болмокчу. Маалыматка ылайык, айыпталуучуларды суракка алуу аяктап, алардын бири да күнөөсүн мойнуна алган эмес.

СУУГА ЧӨГҮП КЕТКЕН 4 ЖАШТАГЫ КЫЗ ТАБЫЛА ЭЛЕК

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кеткен төрт жашар кызды 14 күндөн бери издеп жатышат. Издөө иштерине Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз Бишкек, Балыкчы, Каракол шаарларынан, Чүй облусунан жалпы 37 куткаруучу, суучул жана башка адистер тартылды.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, кеч кирип кеткендигине байланыштуу 31-июлда саат 21:30да аракеттер токтотулду. Издөө чаралары 1-августта, бүгүн дагы улантылат.

18-июлда Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу төрт жаштагы кыз чөгүп кеткен. Маалыматта айтылгандай, аны ата-энесинин көз алдында көлдүн толкуну алып кеткен.

Количество просмотров: 209