• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Көп кабаттуу үйдүн 4 батири өрттөндү. Карыянын акчасын уурдаргандар изделүүдө

17 Тогуздун айы 202214:07 Бишкек Govori.TV

ТӨРТ БАТИР ӨРТТӨНДҮ

Бишкектин 8-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4 батири өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан өрт чыгып, №61-62-батирлери, 4-кабаттын №65-66-батирлери, 5-кабаттын №69-70 батирлердин балкону, чатырдын жыгачтары, 2 даана устун, 6 терезе жана 6 эшик, жалпы 60 чарчы метр аянты күйгөн.

Тилсиз жоонун себеби такталууда.

АКЧАСЫН УУРДАТКАН КАРЫЯНЫН ИШИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган шектүүлөрдү издөө иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

«Учурда карыянын акчасын уурдагандарды издеп, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом чогултуп беришкен.

ЖАШ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ИШ СОТКО ӨТӨ ЭЛЕК

Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча иш сотко өтө элек. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө тергөө иштери аягына чыга элек

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган. Ал эми үстүбуздөгү жылдын 9-сентябрында 4-шектүү кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Количество просмотров: 126