• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 12 адамдан аныкталды. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

31 Жалган куран 202214:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 31-мартка карата коронавирус 12 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2 адамдан катталган.

Ал эми акыркы суткада 7 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 84 бейтап, амбулатордук түрдө 66 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 935 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 213 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.

БИШКЕКТИН КАЗЫСЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Шакир ажы Маматов дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Муфтий Бишкек шаарынын жаңы дайындалган казысын казыяттын эмгек жамааты менен тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.

МУРДАГЫ АЙЫЛ ӨКМӨТ КАРМАЛДЫ

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, К.М. айыл өкмөт башчысы болуп турганда жасалма документтерди колдонуу менен айдоо жерлерди турак жай категориясына которгон токтом кабыл алып, аны өзүнүн айланасындагыларга менчикке чыгарып берген. Андан соң алар аркылуу үчүнчү жактарга саткан.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка да адамдары аныктоо, шектүүнү тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 211