• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 10 адам көз жумду. Президент Жапаров коронавирустан эмделди

23 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 23-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүй, Талас облустарында экиден, Жалал-Абадда бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 227 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 127 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 678 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 155 005 адамга жетти. Андан 132 138 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

ЖАПАРОВ ЭМДЕЛДИ

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды. Өлкө башчысы андан кийин элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты.

“Социалдык түйүндөрдө элге кайрылып “бул вакцина туура эмес. Элге зыян алып келет” дегендерге ишенбегиле. Аксакалдарга да кайрылам, элди антип адаштырбаңыздар. Вакцинаны эч ким кыйнап алдыртпайт. Ар бир адамдын жеке каалоосу менен болот”, — деди президент.

Ал ошондой эле, Кытай Кыргызстанга вакцинаны бекер бергени, Кыргызстандын калкынын 70% эмдөөдөн өтпөсө алака-катыш болбой турганы тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келген. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алган.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын саны 400 миңге чамалады. Алардын 101 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 6 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

22-июль күнү кечинде Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Нур айылындагы бөлүгүндө “Хонда Степвагон” жана “Мицубиси Паджеро” үлгүсүндөгү машиналар кагылышып алты киши мүрт кетти. Чүй облустук милициясы төртөө кырсык болгон жерден үзүлгөнүн, экөө 23-июлда эртең менен аймактык ооруканада жан бергенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жаракат алган дагы үч кишинин абалы оор экенин кабарлады.

Количество просмотров: 204