• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылат. Көлдүн жээгиндеги  мончо буздурулду

7 Бирдин айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН КИТЕБИ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА БЕРИЛЕТ

Президент Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеби 1500 нускада Билим берүү жана илим министрлигине келип түштү.

Маалыматта айтылгандай, бул китептер Кыргызстандагы 72 илим изилдөө институттарына жана Улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасына берилет.

Маалыматтарда айтылгандай, “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеп жалпы 41 миң нускада чыккан. Ал негизинен аймактарга, мамлекеттик мекемелерге жана китепканаларга таратылган.

6 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылган.  Чүй облусунда – 1;  Ысык-Көл облусунда – 3; Нарын облусунда – 1; Баткен облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгону кошумчаланды.

КӨЛДҮН БОЮНДАГЫ МОНЧО БУЗДУРУЛДУ

«Радуга WEST» понсинатындагы мыйзамсыз курулган «мончосу» буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, КР президентинин жарлыгын аткаруу максатында Ысык-Көл облустук Архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан берилген эскертме буйруктарына ылайык Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Чоктал айылындагы «Радуга WEST» понсинатындагы мыйзамсыз курулган «мончосу» буздурулду.

Количество просмотров: 62