• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Сумаянын өлүмүнө шектүүгө соттук-психикалык экспертиза дайындалды

24 Бештин айы 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС  БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 24-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 287 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 497 киши айыгып чыкса, 2 миң 790 адам каза болду.

КӨЧӨДӨ ОК АТЫШУУГА ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Борбор калаанын чок ортосунда ок атышууга шектелген жарандар кармалды, деп билдирди Бишкек ШИИББ.

22-декабрда саат 21:00дө милицияга Эркиндик бульварында массалык мушташ жана ок атышуу болуп жатканы тууралуу кабарлашкан. Айтылган жерге ыкчам тергөө барып, газ-травматикалык тапанчанын 3 гильзасын жана мергенчи куралынын 3 гильзасын табышкан.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (ээнбаштык) менен катталган.

Бишкек ШИИББдин кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты: Алар: 1983-жылы туулган М.А., 1988-жылы туулган А.Г., 1987-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туулган Д.Н. жана 1988-жылы туулган А.Т..

Андан тышкары шектүүлөрдүн биринен уруксат кагазы бар «Сайга-12» үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды.

Милиция окуянын башка катышуучуларын издөөнү улантууда.

ЖАШ КЫЗДЫ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТӨТ

22-декабрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында Сумаянын өлүмүнө шектүү катары Сузак районунун 1973-жылы туулган тургуну кармалган. Ал жасаган кылмышын мойнуна алып, Сумаяны мектепке баратканда алдап үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жер төлөдө колу-бутун скотч менен таңып кармаганын, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып жибергенин, кийимдерин өрттөп салганын айтып берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарыланганы аныкталды.

Ошондуктан Жазык-процесстик кодексинин 186-беренесинин (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А. аттуу жаранга карата 23-декабрда соттук-психикалык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан психикалык оорукананын эксперттерине тапшырылды.

Количество просмотров: 127