• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус дагы 5 адамдын өмүрүн алды. Чүйдө өрттөн үч бала жана бир аял каза болду

14 Бештин айы 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 14-декабрга карата дагы 318 адамдан коронавирус илдети аныкталып, беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдан кабарлашкандай 258 адам айыкты.

Расмий маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган март айынан бери бул илдет 77 674 кишиге жукту, алардын 1312 каза болуп, 70 450 бейтап айыкты.

Ал эми 14-декабрга карата дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 72 миллион 200 миңден ашты. Алардын 1,6 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 47 миллиондой адам сакайды.

ӨРТТӨН 4 КИШИ КАЗА БОЛДУ

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрт чыгып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түзөт.  “Анын кесепетинен 1 аял киши, 1 кыз, 2 бала каза болду”,-деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан 1 даана атайын өрт өчүрүү унаасы тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, саат 20:47де толук өчүрүлгөн.  Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

ТАИРОВ 2-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН КАМАКТА БОЛОТ

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бакир Таировду 2-февралга чейин камакта калтырды. Мындай чечим 11-декабрда чыгарылганын райондук соттон кабарлашты. Таиров атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында болот.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров 10-декабрда кармалган.

Ал октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек саналууда.

Эске салсак, Бакир Таиров Финансы полициясында 2018-жылдын 29-апрелинен 2020-жылдын октябрдын ортосуна чейин иштеген. Өлкөдө бийлик алмашуудан кийин нааразылык акцияларынын катышуучусу Сыймык Жапыкеев 17-октябрда жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен мекемени жетектеп калган.

Количество просмотров: 117