КОРОНАВИРУСТАН 5 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
28-январга карата Кыргызстанда коронавирус 356 адамдан жаңы аныкталды. Ооруну жаңы жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (216).
Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы беш бейтап каза болгонун билдирди. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 437 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 771 киши айыгып чыкса, 2 миң 867 адам каза болду.
Бир суткада 604 адам айыгып чыкты. Ушул күндөрү 1100дөн ашуун бейтап ооруканаларда, 6 миңдей адам үйүндө дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирген.
ЧЕК АРАДАГЫ АБАЛ
Баткен облусунда чек ара чырына байланыштуу 11 миң 52 жаран көчүрүлдү. ӨКМдин 28-январдагы маалыматы боюнча, аларын ичинен 10 миң 410 адам коопсуз райондорго жеткирилсе, 642 жаран убактылуу пункттарга жайгашкан. Маалыматка таянсак, Баткен районундагы Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай жана Таш-Тумшук айылдарынын 6 миңден ашык тургундары Рават айылына убактылуу жеткирилди.
Ал эми Лейлек районундагы Максат айылынан 400 чакты адам Маргун айылына барса, Интернационал айылынан 1000 адам Кайрагач айылына барды. Эвакуацияланган жарандар керектүү каражаттар менен камсыздалып, медициналык көзөмөлгө алынды.
Эске салсак, кечээ, 27-январда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, ок атышуу орун алган. Ага себеп тажик тараптын Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышканы болгон. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонгону кабарланды. Кыргыз тараптан 11 адам жаракат алганы караланды.
БАЛАНЫ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ ТАБЫЛДЫ
Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте айдоочу 8 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден кеткени тууралуу маалымат тартатты.
Маалыматка ылайык, 26-январда саат 19:00дө Миррахимов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен 8 жаштагы Г.Р. аттуу баланы сүзүп, окуя богон жерден кетип калган. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген.
Кайгуул кызматы окуяга шектүүнү аныктаган, ал “Тойота Ранкс” унаасынын 19 жаштагы Т.А. аттуу айдоочусу болуп, тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.