• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер табыла элек. Турак үйдө өрт чыгып, 5 адам жабыркады

3 Бештин айы 2019 13:47 Бишкек Govori.TV

Майыптардын эл аралык күнү
Мамлекет аялуу адамдардын укугун сактоого умтулатү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтты.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, өлкө башчы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, аларга кам көрүп жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптарынын аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда, — деп айтылат билдирүүдө.

3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнү.


Бишкекте үйдөн өрт чыгып, беш адам күйүк алды
Бишкектин Ленин районундагы Стаханов көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Натыйжада үйдүн №19 жана №20 батирлеринин 90 чарчы метр чатыры, үй буюмдары жана кийимдер күйгөн. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен беш адам күйүк алган.
Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык №4 жана №3 ооруканаларына жеткирилген. Азыркы учурда абалдары туруктуу экендиги кабарланды.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Кумтөрдө дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкер табыла элек
Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкер табыла элек. Бул тууралуу “Кумтөр” компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда издөө иштери уланууда, бирок азырынча эч кандай маалымат жок.
Учурда аларды издөө боюнча кендеги адистер менен биргеликте иш жүрүп жатат. ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу иш алып барууда. Куткаруучулар түндө да издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Буга чейин 1-декабрда Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында жер көчкү жүргөнү кабарланган. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштерине 40ка жакын куткаруучу, милиция жана ишкананын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү тартылган. Ошондой эле окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери барышкан.

Количество просмотров: 70