• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Курман айт күнү белгиленди. Ысык-Көлдө пляждардагы тосмолор алынууда

19 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КУРМАН АЙТ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 27-июнда арапа күнү болот.
Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

ПЛЯЖДА ТОСМОЛОР АЛЫНУУДА
Ысык-Көлдө пляждардагы тосмолор алынууда. Мындай иштер облустун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу максатында аткарылууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилей кетсек, президент “КР Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон.
Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

7 ЖАШТАГЫ БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ
Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында «112» кызматына Новостройка айылынын 2016-жылы туулган Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жана ал Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмунөн 3 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 19-июнь күнү улантылат.

Количество просмотров: 95