• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Курулушта жаш кыздын жансыз денеси табылды. Үгүт иштери башталды

10 Бугу 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

КАЙРА ШАЙЛОО: ҮГҮТ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майда башталды.

Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, үгүт иштери 27-майда саат 08:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат; басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;  Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда  ишке ашырылат:

Белгилей кетсек, ЖК депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт. Шайлоого жалпы 32 талапкер катталды.

УНААЛАРГА ЖАҢЫ ӨТМӨК АЧЫЛДЫ

Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектиси жана Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде унаалар үчүн өтмөк ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Ч.Айтматов проспектисинин Лев Толстой көчөсүнөн «Сейтек» мектебине чейинки тилкесинде жол жана тротуар реконструкцияланууда.

«Жолдун өтүүчү бөлүгүнө асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жол белгилери орнотулду. Учурда тротуарды даярдоо жана бетон плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

ЖАШ КЫЗДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, 8-майда саат 9.00дө милицияга Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти ШИИБден.

Айрым маалымат каражаттары маркум балдар үйүнүн тарбиялануучусу экенин жазышууда.

Количество просмотров: 86