• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз-тажик жумушчу топтору жолукту. «Сулайман-Тоодогу» музей убактылуу жабылды

5 Теке 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТОР ЖОЛУКТУ

Баткенде 4-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу 9-июлга чейин созулат.

Эки өлкөнүн жумушчу топтору акыркы жолу 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

СУЛАЙМАН-ТООДОГУ МУЗЕЙ ЖАБЫЛДЫ

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи убактылуу жабылды.

Аталган музейден билдиришкендей, тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу музей шаар тургундары жана коноктору үчүн 2023-жылдын 5-июлунан 28-августуна чейин жабык болот.

Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫ…

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Жолугушууда кытай элчиси министр Иманалиевге КМШ Стипендиялары программасынын алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырды.

Элчи кыргызстандык студенттер аракетчил келерин айтып, Кыргызстандан барган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында билимин мыкты көрсөткүчтөр менен улантып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Ду Дэвэнь 13-июлдан 25-июлга чейин Кытайда уюштурула турган жайкы лагерге кытай тарап эки окуучуну бир коштоочусу менен чакырып жатканын кабарлады.

Количество просмотров: 104