• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз-өзбек чек ара бекетинде чектөө киргизилди. Жоголуп кеткен жаш бала табылды

7 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

“ДОСТУК” БЕКЕТИНДЕ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Бүгүн, 7-октябрда “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Достук” бекетинде капиталдык курулуштун аякташына байланыштуу Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат. Мындан улам аталган көзөмөл бекети бүгүн чектөө режиминде иштейт. Ал өз учурунда адамдардын жана унаалардын топтолушуна алып келиши мүмкүн.

БАТКЕНДЕ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Баткен районунун Достук айылында 47 турак үй тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды.

Баткен районунун Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күч менен тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.

ИЗДЕЛИП ЖАТКАН БАЛА ТАБЫЛДЫ

Кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен жаш баланы таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда, «102» кызматына Щербаков көчөсүндө жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматы тактаганда 1999-жылы туулган С.А. аттуу айым 2016-жылы туулган С.Н.аттуу баласын жоготуп издеп жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде жаш баланы таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Количество просмотров: 177