• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Өлкөдө COVID-19дун омикрон штаммы катталды. Москвада Кыргызстандын жарандары жоопко тартылды.

12 Үчтүн айы 202214:34 Бишкек Govori.TV

ӨЛКӨДӨ “ОМИКРОН” ШТАММЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун омикрон штаммы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 эпидемиясынын төртүнчү толкуну жүрүп жатканын билдирген.

Акыркы бир суткада коронавирусту 465 адам жуктуруп, беш айдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Бир күндө эки киши оорудан көз жумду. Акыркы суткада 97 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 523 бейтап, амбулатордук түрдө 1 514 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 529 киши айыгып чыкса, 2 миң 823 адам каза болду.

ЧЕК АРАДА УНААЛАРДЫН КЕЗЕГИ ЖАРАЛДЫ

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучуунаалардын тыгыны пайда болду.

Маалыматка ылайык, саат 12:00гө карата кезекте 140га чукул оор жүк ташуучу унаа турат.

«Жүк ташуучу унаалардын топтолушу майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнө жана Казакстандын аймагындагы текшерүүгө байланыштуу пайда болду. Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөөлөрдү киргизген жок », — деп билдиришти мекемеден.

Чек ара кызматынан башка өткөрмө пункттарда жарандардын жана унаалардын тыгыны байкалбаганын белгилешти.

МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЖООПКО ТАРТЫЛДЫ  

Москвада массалык мушташка катышкандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары жоопко тартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын 9-январында Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташтан улам ИИМдин Таган райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалып жана эки жараны административдик жоопкерчиликке тартылган.

Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Количество просмотров: 333