• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Мамытов төрагалыктан эмнеге кеткенин айтты. Энергохолдингдин жетекчиси алмашты

5 Тогуздун айы 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

ЖК ТӨРАГАСЫ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Атайы кайрылуусу менен ЖКда сөз сүйлөп жаткан Мамытов бул чакырылыш келгенден бери аткарылган иштерге учкай токтолду.

«Мен жеке өзүм чечим кабыл алдым. Ага себеп болуп жакында болгон парламенттеги окуя болду. Андан улам өз каалобуз менен Баткенге барып келдик. Мен өз ыктыярым менен төрагалыктан кетүүнү кабыл алдым. Бүгүнтөн баштап төрагалык кызмат бош», — деди Мамытов.

Андан соң айрым депутаттар сөз сүйлөп төраганын чечиминен улам жаңы төрага дайындоо маселеси тууралуу сөз кылышты.

Буга чейин айтылган маалыматтар боюнча, Талант Мамытовдун ордуна спикер болуп депутат Нурлан Шакиев келээри болжолдонгон эле.

ЭНЕРГОХОЛДИНГДИН ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Улуттук энергохолдинг ишканасынын Башкаруу кеңешинин төрагалыгына Таалайбек Байгазиев кайрадан дайындалды.

Аны эмгек жамаатына 4-октябрда энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев тааныштырды. Министрдин милдетин аткаруучу кышка даярдык, энергетика тармагындагы реформаны аягына чыгаруу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө сыяктуу милдеттер турганын айтып кетти. Таалайбек Байгазиев Улуттук энергохолдинг ишканасын мурда да жетектеген. Андан кийин «Электр станциялары» мамлекеттик мекемесин жетектеп турган.

Буга байланыштуу «Электр станциялары» ишканасына Айбек Айдаралиев директор болуп дайындалды. Улуттук энергохолдинг ишканасынын Башкаруу кеңешине буга чейин Нурлан Садыков төрагалык кылган.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА  АБАЛ

Сентябрь айынын акыркы аптасында Кыргызстанда 77 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Учурда коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Бустердик эмдөөнү мындан үч-төрт ай мурда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары алса болот.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Вакцинанын бир дозасы 1,6 миллиондон ашык адамга сайылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери 21 412 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. Үч миңдей бейтап оорудан көз жумган.

Количество просмотров: 731