• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Маршрутканын айдоочусу эсин жоготуп мамыны сүздү. Бишкекте мейманкана өрттөндү

16 Кулжа 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУНАН УЛАМ ЖАРАНДАР КӨЧҮРҮЛДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылында эски жер көчкү жылып ал аймактагы беш үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди.

Мекеме адистер жер көчкүгө атайын белги орнотушканын, активдилүүгү көзөмөлгө алынганын кошумчалады. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң метр куб деп эсептелди.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 9-июнда бул аймакта жер көчкү коркунучу бар деген корутунду чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүү сунушун берген.

БИШКЕКТЕ МЕЙМАНКАНА  ӨРТТӨНДҮ

Бишкекте мейманкана өрттөнүп, 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Такталган маалымат боюнча тилсиз жоо адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес, жабыркагандар жок.

16-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Чынгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Причал -24» мейманканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толук өчүрүлгөн. Өрттүн болжолду аянты 300 ч.м. түзүп, жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

МАРШРУТКАНЫН АЙДООЧУСУ МАМЫНЫ СҮЗДҮ

Бүгүн Бишкекте Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде №132 маршрутканын айдоочусу мамыны сүзгөн. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.

Алдын-ала маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 153