• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Молдомуса Конгантиев жерге берилди. Коронавирустан үч бейтап каза болду

14 Бирдин айы 202214:12 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 14-февралга карата коронавирус 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 485 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 119 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 66 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 971 киши айыгып чыкса, 2 миң 930 адам каза болду.

“БИШКЕКЖАРЫКТЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ИШ КОЗГОЛДУ

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын бюджет жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын талаптарын бузулуп, ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

МОЛДОМУСА КОНГАНТИЕВДИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ ЗЫЙНАТЫ ӨТТҮ

Бүгүн, 14-февралда Бишкекте мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты. Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып, Конгантиев революциянын курмандыгы болгонун айтты.

Президент Садыр Жапаров маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган жок. Мунун алдында ЖК төрагасы Талант Мамытов менен көз көрсөтүп барган видеосу социалдык тармактарга чыкты.

Молдомуса Конгантиев 12-февралда 64 жаш курагында көз жумган. Ал 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта иштей баштаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Милициянын генерал-лейтенанты.

2005-жылы Бишкек милициясын, 2008-2010-жылдары ИИМди жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кетип, мамлекеттик жана саясий иштерге аралашкан эмес. Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Количество просмотров: 84