• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто бажычылар кармалды. Жаш жигиттин башкаруусундагы унаа ала салып кетти

13 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАШ ЖИГИТ ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫ

Бишкекте Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаа ала салып кетти. Маалыматка ылайык, 13-июнга караган түнү 00:40 чамасында Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.уулу А. аттуу тургуну Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) менен батыш тарапка бара жатып, “Ынтымак” паркынын тушунан унаасынын рулуна ээ боло албай калып, жол боюндагы бордюрду сүзүп, ала салып кеткен.

«Айдоочу ооруканага жаткырылып, учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды»,-деп жазылат маалыматта. Тергөө иштери жүрүүдө.

БАЖЫЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып алып келүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта бир ече ЖЧКнын өкүлдөрү Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

АЙРЫМ РАЙОНДОРДО СУУ ӨЧӨТ

Эртең, 14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең саат 09.00дөн 20.00гө чейин Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Тунгуч кичирайону, Рухий Мурас, 44 Га конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 115